«Бай Түшүм» Банкы бюджеттик маяна алуучулар үчүн «Бюджетниктер үчүн жеңилдетилген ипотека» долбоорун ишке берди

13.08.2014

Токмок шаарынын бюджеттик уюмдарынын кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу максатында «Бай Түшүм» Банкы Токмок шаарынын мериясы жана KYRSEFF программасы менен биргеликте «Бюджетниктер үчүн жеңилдетилген ипотека» долбоорун ишке берди.

«Бай Түшүм» Банкы жеңилдетилген каржылоо боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн 34млн.сомдон ашуун акча каражатын бөлдү. Бул долбоордун алкагында ушул жылы бюджеттик уюмдардын кызматкерлеринин 56 үй-бүлөсү: мугалимдер, медиктер, социалдык кызматкерлер жаңы «Социум» коттедждик шаарчасындагы жеке менчиктеги үйлөрдүн ээлери болуп калышмакчы.

«Кыргызстанда бүгүнкү күнү турак жайга болгон баа көпчүлүк жашоочулардын алган кирешелери менен дал келбей калды. Бул бюджеттик уюмдардын кызматкерлерин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып койду. Ушул фактыны эске алуу менен Токмок шаарынын мериясы «Социум» коттедждик шаарчасынын курулушун каржылоо өтүнүчү менен бизге кайрылган эле. Биз насыялоонун атайын жеңилдетилген программасын иштеп чыктык, анда төмөндөтүлгөн пайыздык ставкалар, 15 жылга чейинки узак мөөнөттөгү насыялык мөөнөт жана күрөөлүк камсыздоонун ыңгайлуу жолу каралган. Бул долбоор мамлекеттик-жекелик өнөктөштүктүн ийгиликтүү модели болооруна мен ишенем, ал мамлекет менен донор уюмдардын – KYRSEFF(ЕБРР,Европалык Союз) жана банктын ортосунда түзүлгөн өз ара өнөктөштүк мамилелерди орнотуунун натыйжасында ишке ашууда, – деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Долбоордун дагы бир маанилүү өзгөчөлүгү болуп, келечектеги турак жай ээлерине KYRSEFF программасынын алкагында Европалык Cоюз тарабынан 35% грант бөлүнүп бериле тургандыгы эсептелет.

«KYRSEFF тарабынан гранттан башка да үйлөрдү пландоо жана дизайн жүргүзүү боюнча толук кеп-кеңештер берилет. Ушул себептен бардык үйлөр энергосарамжалдуу технологияларды эске алуу менен курулат, сапаттуу жана сертификацияланган материалдар орнотулмакчы жана үйлөрдү жылытууга кете турган чыгымдарды кыскартуучу жаңы технологиялар колдонулат жана ал турак жайдын пайдалануу мөөнөтүн бир кыйла узартмакчы,- деп белгиледи KYRSEFF программасынын Улуттук менеджери Нурзат Абдырасулова.