Баарыңыздарды Сүрөт музейиндеги балдар сүрөтү көргөзмөсүнө чакырабыз

22.03.2018

7 жаштан баштап, 17 жашка чейинки 900дөн ашуун бала катышкан Сүрөт Улуттук конкурсунун логикалуу аяктоосу болуп эсептелген Көргөзмө кызыктуу жана жаркыраган түстө болду. Балдардын иштери финансылык сабаттуулукка, улуттук валютанын 25 жылдыгына, үй-бүлөлүк бюджетти пландаштырууга, сактоолукка жана «Акча деген эмне?» аталышындагы философиялык суроого арналган. Шыктануу учкунун алуу үчүн Көргөзмөгө балдар менен баруу жана адамдын акчага карата мамилеси боюнча маанилүү темада талкуулоо жүргүзсө өзгөчө кызыктуу болот.

Көргөзмө 4-апрелге чейин улантылат.