Соода-сервистик ишканалар арасындагы акциянын акыркы 3-этабынын жеңүүчүлөрү белгилүү болду

27.10.2016

Соода-сервистик ишканалар арасындагы акция аяктады. Бүгүн «Бай Түшүм» Банкы Svetofor Интернет-гипермаркетине белек тапшырды. Svetofor Интернет-гипермаркети алынган товарды жеткирүү учурундагы эсептешүүлөрдө Банктын pos-терминалын активдүү пайдалангандыгын белгилеп коюу маанилүү. Мындан тышкары Svetofor Интернет-гипермаркети мөөнөтүн узартып төлөө менен өз товарларын сатуу боюнча Банктын активдүү өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Банк жеңүүчүгө 5 000 сом калдык суммасы бар Visa Prepaid Electron картасын тапшырды.

IMG_9100

Акциянын 3-этабында «Рубин» зер буюмдар борбору, «У дома» дүкөнү жана «Гренки» ЖЧКсы да акциянын жеңүүчүлөрүнөн болушту. Бул жеңүүчүлөрдү да 2500 жана 5 000 сом калдык суммасы бар Visa Prepaid Electron картасы күтүп турат.

Биздин жеңүүчүлөрүбүздү чын ниетибизден куттуктайбыз, гүлдөп өнүгүүнү жана сатуулардын көлөмүнүн өсүүсүн каалайбыз. Биздин акциялардын жүрүшүнө назар салыңыздар жана «Бай Түшүм» Банкынан жагымдуу белектерди алыңыздар.