BaiPay картасынын колдонуучулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүк — Nihao China тиркемесине туташтыруу жеткиликтүү болду

22.07.2026

«Бай-Түшүм» Банкынын BaiPay картасынын ээлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүк жеткиликтүү болду.
Эми картаны Nihao China мобилдик тиркемесине байлап, Кытайда саякаттоо жана күнүмдүк төлөмдөрдү дагы ыңгайлуу жүргүзүүгө болот.

BaiPay картасын тиркемеге туташтыргандан кийин төмөнкү мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү болот:

  • UnionPay жана WeChat Pay менен шайкеш келген QR-коддор аркылуу товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү;
  • бир тиркемеден карталарды, котормочуну жана валюта курстарын колдонуу;
  • eSIM, визалык кызматтарды жана Tax Refund кызматын тариздөө.

Nihao China тиркемеси Кытайга саякаттагандар үчүн пайдалуу кызматтарды бириктирет, ал эми BaiPay картасы менен интеграциясы бул кызматтарды дагы ыңгайлуу пайдаланууга шарт түзөт.

Nihao China тиркемесин жүктөп алып, BaiPay картаңызды туташтырыңыз жана Кытайдагы сапарларыңызды дагы ыңгайлуу кылыңыз!