Процессинг борборунда пландык техникалык иштер жүргүзүлөт
28.10.2025
Урматтуу кардарлар!
2025-жылдын 28-октябры күнү саат 22:00дөн 23:00гө чейин процессинг борборунун жагында программалык камсыздоону жаңыртуу боюнча пландык техникалык иштер жүргүзүлөт.
Бул иштер эл аралык төлөм системаларынын талаптарына ылайык жүргүзүлүп, банк карталары менен жүргүзүлүүчү операциялардын туруктуулугун, ылдамдыгын жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Жаңыртуу учурунда төмөнкү карталык операциялар боюнча кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн:
-
карталар аркылуу төлөм жүргүзүү;
-
интернет аркылуу сатып алуулар;
-
банкоматтардан накталай акча алуу;
-
балансты текшерүү жана башка операциялар.
Иштер аяктагандан кийин бардык кызматтар кадимки тартипте ишин улантат.
Банк тарабынан көрсөтүлүүчү башка кызматтар өзгөрүүсүз иштей берет.
Финансылык операцияларыңызды алдын ала пландап коюуңузду өтүнөбүз жана убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз.
Түшүнүүңүз жана ишенимиңиз үчүн чоң рахмат!
Урматтоо менен,
ААК «Бай-Тушум» Банкы

