2025-жылдын 4-сентябрындагы Банктын тарабында пландуу техникалык иштер

03.09.2025

Урматтуу кардарлар!

2025-жылдын 4-сентябрында саат 19:00дөн 22:00гө чейин Банктын тарабында пландуу техникалык иштер жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.

Бул убакыт аралыгында Банктын бардык карталары боюнча убактылуу төмөнкү кызматтар жеткиликтүү болбойт:

  • Которуулар жана ар кандай кызматтар үчүн төлөмдөр;

  • Карталарды жана эсептерди толуктоо;

  • Накталай акча алуу.

 Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында QR аркылуу төлөмдөр жеткиликтүү болорун маалымдайбыз.

Убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Каржылык операцияларыңызды алдын ала пландап коюуңуздарды өтүнөбүз.

Түшүнүүңүздөр үчүн рахмат!