Банктын Процессинг борборунда пландуу техникалык иштер жүргүзүлөт

27.10.2026

Урматтуу кардарлар!

Банктын Процессинг борборунда программалык камсыздоону пландуу жаңыртууга байланыштуу техникалык иштер 2026-жылдын 28-октябрында, саат 07:00дөн 08:00гө чейин (GMT+6) жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.

Бул иштер транзакцияларды иштетүүнүн туруктуулугун жана ылдамдыгын жогорулатууга, ошондой эле банктык карталар менен жүргүзүлгөн операциялардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.

Жаңыртуу иштери жүргүзүлүп жаткан учурда айрым төлөм операцияларын иштетүүдө кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн. Атап айтканда, карталар аркылуу төлөм жүргүзүүдө, интернеттен сатып алууларды төлөөдө, банкоматтардан накталай акча алууда жана эсептеги балансты текшерүүдө убактылуу чектөөлөр жаралышы ыктымал.

Жаңыртуу иштери аяктагандан кийин бардык кызматтар кадимки режимде иштей баштайт.

Биз кардарларыбызга банктык карталарды жана төлөм кызматтарын колдонууда максималдуу ыңгайлуулукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылууга умтулабыз.

Банктын башка бардык кызматтары кадимки режимде иштейт.

Финансылык операцияларыңызды алдын ала пландаштырууну суранабыз.

Түшүнүү менен кабыл алганыңыздар жана бизге болгон ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз!