Банктын Процессинг борборунда пландуу иштер жүргүзүлөт
05.06.2026
Урматтуу кардарлар,
Сиздерге маалымдайбыз, Банктын Процессинг борборунда программалык камсыздоону пландуу жаңыртууга байланыштуу техникалык иштер 2026-жылдын 8-июнунда саат 12:00дөн 13:00гө чейин (GMT+6) жүргүзүлөт.
Бул иштер транзакцияларды иштетүүнүн туруктуулугун, ылдамдыгын жана банктык карталар боюнча операциялардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Жаңыртуу жүргүзүлүп жаткан мезгилде айрым төлөм операцияларын иштетүүдө кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн, атап айтканда:
• карта аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүү;
• интернет аркылуу сатып алуулар;
• банкоматтардан накталай акча алуу;
• эсептеги калдыктарды текшерүү.
Жаңыртуу аяктагандан кийин бардык сервистер кадимки режимде ишин улантат.
Биз карталарыбызды жана төлөм сервистерибизди колдонууда сиздер үчүн максималдуу ыңгайлуулукту жана ишенимдүүлүктү камсыз кылууга умтулабыз.
Банктын башка бардык кызматтары кадимки режимде иштей берет.
Каржылык операцияларыңызды алдын ала пландаштырууну өтүнөбүз.
Түшүнүүңүздөр жана ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз!
Урматтоо менен,
«Бай-Тушум» Банкы ААК

