Процессингдик борбор тарабынан жүргүзүлүүчү пландуу иштер

12.01.2026

Урматтуу кардарлар,

Процессингдик борбордун программалык камсыздоосун пландуу жаңылоого байланыштуу техникалык иштер 2026-жылдын 13-январында саат 10:00дөн 11:00гө чейин (GMT +6) жүргүзүлөрү тууралуу маалымдайбыз.

Бул иштер транзакцияларды иштетүүнүн туруктуулугун, ылдамдыгын жана банктык карталар боюнча операциялардын коопсуздугун жогорулатууга багытталган.

Жаңылоо жүргүзүлүп жаткан мезгилде айрым төлөм операцияларын иштетүүдө кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн, атап айтканда: карталык төлөмдөрдү жүргүзүү, интернет аркылуу сатып алуулар, банкоматтардан накталай акча алуу же эсептин балансын суроо.

Жаңылоо иштери аяктагандан кийин бардык сервистер кадимки иш режиминде ишин улантат.

Банктын калган бардык сервистери кадимки режимде иштейт.

Биз карталарыбызды жана төлөм сервистерин колдонууда сиздерге максималдуу ыңгайлуулукту жана ишенимдүүлүктү камсыздоого умтулабыз.

Финансылык операцияларды алдын ала пландап коюуңуздарды суранабыз.

Түшүнүүңүздөр жана ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Урматтоо менен,
ОАО Банк «Бай-Тушум»