Процессинг борбор тарабынан жүргүзүлүүчү пландуу иштер
20.11.2025
Урматтуу кардарлар,
Сиздерге процессинг борбордун программалык камсыздоосун пландуу жаңылоого байланышкан техникалык иштер 2025-жылдын 20-ноябрында саат 11:00дөн 11:30га чейин (GMT +6) жүргүзүлөрүн маалымдайбыз.
Бул иштер банктык карталар боюнча операциялардын туруктуулугун жана коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Жаңылоо жүрүп жаткан учурда интернет аркылуу карталык төлөмдөрдү жана айрым операцияларды иштетүүдө кыска мөөнөттүү үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.
Көрсөтүлгөн иштер банкоматтар жана POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлүүчү төлөмдөргө таасир тийгизбейт.
Иш толук аяктагандан кийин, Интернет аркылуу төлөм жүргүзүү кызматтарындагы мүмкүн болгон үзгүлтүктөр кадимки режимге кайтып, туруктуу иштейт.
Биз карталарыбызды жана төлөм сервисин колдонууда сиздерге эң жогорку деңгээлдеги ыңгайлуулукту жана ишенимдүүлүктү камсыздоого умтулабыз.
Банктагы башка бардык кызматтар кадимки режимде иштейт.
Финансылык операцияларды алдын ала пландап коюуңуздарды суранабыз.
Түшүнүүңүздөр жана ишенимиңиздер үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Урматтоо менен,
ОАО Банк «Бай-Тушум»

