Global Money Week 2018 алкагындагы иш-чараларды өткөрүү боюнча Жаштар демилгелүү тобунун биринчи жолугушуусу

26.02.2018

Бул жумада Өнүгүүнүн саясаты Институту менен биргеликте биз Global Money Week 2018

Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагындагы иш-чараларды өткөрүү боюнча Жаштар демилгелүү тобунун биринчи жолугушуусун өткөрдүк.  Global Money Week – финансылык сабаттуулукка, бюджетти мерчемдөөгө жана  акчага байланышкан башка да маселелерге  окута турган, бүткүл дүйнө жүзү боюнча 130 мамлекетти өз ичине камтыган масштабдуу окуя. Бул жылы Жумалык 7- жолу өткөрүлөт.

Демилгелүү топко Кыргызстандан КРСУнун жана БФЭАнын 2-, 3-, 4-курсунун студенттери киришти. Биринчи жолугушуунун алкагында мектептердин 5-11- класстары үчүн тренингдерди өткөрүүнүн пландары иштелип чыкты.

Балдар-волонтерлор эмитен эле Балдар сүрөттөрүнүн Улуттук конкурсунун маалыматтык кампаниясына активдүү тартылып кетишти жана тренерлер менен биргеликте  мектептердеги финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды өтүүгө даярданышууда.