Депозитти онлайн ачыңыз — тез, ыңгайлуу жана коопсуз!

08.06.2026

Эми депозитти онлайн ачуу мурдагыдан да жеңил!

BTB мобилдик тиркемеси аркылуу эми банк бөлүмүнө барбастан эле депозит ачууга болот.

Онлайн ачууга төмөнкү эки популярдуу депозит жеткиликтүү:

«Ишенимдүү киреше» – акчаңызды ишенимдүү сактап, туруктуу киреше алууга мүмкүнчүлүк берген депозит.

«Бай Түшүм Пайдалуу» – топтогон каражатыңыздан максималдуу пайда алууну каалагандар үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштаган депозит.

Эмне үчүн бул ыңгайлуу?

  • Депозитти бир нече жөнөкөй кадам менен онлайн ачуу;
  • OTP-код аркылуу тез жана коопсуз ырастоо;
  • Тиркемеден тейлөө филиалын тандоо мүмкүнчүлүгү;
  • Кирешелүүлүктү алдын ала эсептеп берүүчү депозиттик калькулятор.

Депозиттик калькулятор аркылуу валютаны (KGS, USD же RUB), мөөнөттү, депозиттин суммасын жана ай сайын толуктоо өлчөмүн тандай аласыз. Система автоматтык түрдө эсептелген пайыздарды жана мөөнөт аяктаганда топтоло турган жалпы сумманы көрсөтөт.

Каражатыңызды бүгүнтөн баштап көбөйтүңүз — BTB мобилдик тиркемеси аркылуу «Ишенимдүү киреше» же «Бай Түшүм Пайдалуу» депозитин онлайн ачып, топтогон акчаңызды оңой жана ыңгайлуу башкарыңыз!