Россиядан акча которууларды алуучулар үчүн акциянын экинчи этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды
26.10.2026
Россиядан акча которуулар боюнча Бай-Түшүм Банкы 2026-жылдын 14-августунан 15-декабрына чейин өткөрүп жаткан акциянын экинчи этабы жыйынтыкталды.
2026-жылдын 16-сентябрынан 15-октябрына чейин өткөн экинчи этаптын жыйынтыгы боюнча Россиядан келген акча которуулардын жалпы көлөмү эң жогору болгон үч жеңүүчү аныкталды:
🏆 1-орун — Шадманов Х.Р., Жалал-Абад филиалынын Манас шаарындагы кардары — 50 000 сомдук акчалай сертификат
🎉 2-орун — Чаргынов М.К., Балыкчы шаарындагы № 050-04-29 сактык кассасынын кардары — 30 000 сомдук акчалай сертификат
👏 3-орун — Абжапарова Т.Б., Ош шаарындагы № 050-02-46 сактык кассасынын кардары — 20 000 сомдук акчалай сертификат
Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана Бай-Түшүм Банкын тандаган бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!
Акция уланууда! Алдыда дагы эки этап жана алты акчалай сыйлык бар.
📅 3-этап: 2026-жылдын 16-октябры – 15-ноябры
📅 4-этап: 2026-жылдын 16-ноябры – 15-декабры
Россиядан келген акча которууларды Бай-Түшүм Банкынын бөлүмдөрүнөн же BTB тиркемеси аркылуу жеткиликтүү акча которуу системаларын колдонуп алыңыз жана акцияга катышыңыз.
Балким, кийинки жеңүүчү дал сиз болосуз!

