BaiPay карталары боюнча акциянын биринчи этабынын жеңүүчүлөрү аныкталды!
05.11.2026
«Бай-Тушум» Банкы ELTAO EXPRESS компаниясы менен биргеликте BaiPay картасынын ээлери үчүн өткөрүлгөн акциянын биринчи этабынын жыйынтыгын чыгарды. Акциянын катышуучулары Кытайдын маркетплейстеринен сатып алууларды жүргүзүп, буйрутмаларын ELTAO EXPRESS аркылуу жеткиришкен.
Акция 2026-жылдын 21-сентябрынан 20-октябрына чейин өттү. Анын жыйынтыгында баалуу белектерге ээ боло турган беш жеңүүчү аныкталды.
Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү:
| № | Жеңүүчүнүн аты-жөнү | Байге |
|---|---|---|
| 1 | Алимбеков Ж. Н. | Apple iPad 11 |
| 2 | Дарчыбаева М. К. | Xiaomi аба тазалагычы |
| 3 | Назырбекова М. Н. | JBL портативдик колонкасы |
| 4 | Алибаева А. А. | ELTAO EXPRESS компаниясынан акысыз жеткирүү сертификаты |
| 5 | Бакиров И. И. | ELTAO EXPRESS компаниясынан акысыз жеткирүү сертификаты |
Жеңүүчүлөрдү чын жүрөктөн куттуктайбыз жана акцияга активдүү катышкан бардык катышуучуларга ыраазычылык билдиребиз!
Акциянын экинчи этабы уланууда! Ал 2026-жылдын 21-октябрынан 20-ноябрына чейин өтөт. Катышуучуларды дагы беш баалуу байге күтөт:
- Dreame робот-чаң соргучу;
- Yandex Station Midi акылдуу колонкасы;
- Marshall зымсыз кулакчындары;
- ELTAO EXPRESS компаниясынан акысыз жеткирүү үчүн 2 сертификат.
Кытайдын маркетплейстеринен сатып алууларды BaiPay картасы менен төлөп, буйрутмаларыңызды ELTAO EXPRESS аркылуу жеткире бериңиз — балким, кийинки жеңүүчү дал сиз болосуз!
BaiPay × ELTAO EXPRESS — Кытайдан сатып алыңыз жана байгелерди утуп алыңыз! ❤️

