Т.Ш. Махмудовдун билдирүүсүнө расмий жооп
10.09.2026
Социалдык тармактарда Махмудов Т.Ш. тарабынан таратылган, анда ОАО Банк «Бай-Түшүм» тарабынан ага таандык кыймылсыз мүлккө мыйзамсыз ээлик кылынды деген мүнөздөгү билдирүүлөр камтылган кайрылууга байланыштуу Банк төмөнкүлөрдү билдирет.
Т.Ш. Махмудовдун кайрылуусунда келтирилген маалыматтар чындыкка дал келбейт жана коомчулукту Банктын иш-аракеттеринин мыйзамдуулугу боюнча адаштырат.
Банк өз ишин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын так сактоо менен гана жүргүзөт. Махмудов Т.Ш. кайрылуусунда сөз болуп жаткан Банктын аракеттери мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылган.
Ушуга байланыштуу, Банктын кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алганы жөнүндө Махмудов Т.Ш. тарабынан айтылган билдирүүлөр негизсиз болуп саналат жана мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларында аныкталган жагдайларга дал келбейт.
Ошол эле учурда Банк кардарлар менен болгон укуктук мамилелерге тиешелүү маалыматтарды жана документтерди, анын ичинде банктык сырды түзгөн маалыматтарды, ачык коомдук мейкиндикте жарыялоого укуксуз экендигин белгилейт. Мындай маалыматтарды ачыкка чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында түздөн-түз каралган учурларда жана белгиленген тартипте гана мүмкүн.
Ушуга байланыштуу, Банк тиешелүү укуктук мамилелердин чоо-жайын, ошондой эле мыйзам тарабынан корголгон жана ачыкка чыгарылышы мүмкүн болбогон башка маалыматтарды коомчулукка жарыялоодон карманат.
Мындан тышкары, Махмудов Т.Ш. буга чейин да аталган маселеге байланыштуу ар кандай мамлекеттик органдарга бир нече жолу арыздар жана даттануулар менен кайрылгандыгын белгилейбиз. Тиешелүү кайрылуулар компетенттүү мамлекеттик органдар тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте каралып, алардын жыйынтыгы боюнча жаран Т.Ш. Махмудовго жүйөлүү жана тиешелүү жооптор берилген.
Демек, Банктын мыйзамсыз иш-аракеттери жөнүндө Махмудов Т.Ш. тарабынан таратылып жаткан билдирүүлөр тиешелүү укуктук жана фактылай негиздер менен ырасталбайт жана Банктын ишмердүүлүгү, анын ичинде анын башкаруу органдары жөнүндө коомчулукта туура эмес түшүнүк жаратууда.
Банк ар бир жарандын мамлекеттик органдарга кайрылууга, ошондой эле өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сот тартибинде коргоого болгон укугун урматтайт.
Ошол эле учурда, социалдык тармактарда чындыкка дал келбеген, ошондой эле Банктын ишкердик беделине зыян келтирүүгө жөндөмдүү маалыматтарды таратуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке жана башка укуктук кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин эскертет.
Банк өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык укуктук коргоо каражаттарын, анын ичинде Банктын ишкердик беделин коргоого багытталган чараларды көрүү укугун өзүнө калтырат.
ОАО Банк «Бай-Түшүм» мындан ары да өз ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына так жана кыйшаюусуз ылайык жүргүзүүнү улантат.

