Өткөн жума күнү Синьцзяндык «Сань-Бао» соода-өнөр жай корпорациясынын өкүлдөрү менен расмий жолугушуу болуп өттү

18.06.2018

25- майда «Бай Түшүм» банкынын башкы кеңсесинде Синьцзяндык «Сань-Бао» соода-өнөр жай корпорациясынын (ТОО СТПК «Сан Бао» эл аралык соода компаниясы), мындан тышкары XiaMen Golden Dragon Bus компаниясынын  өкүлдөрү менен расмий жолугушуу болуп өттү.  Жолугушуунун жүрүшүндө биргелешип кызматташуу жана бир катар келечектүү долбоорлор жөнүндөгү маселелер талкууланды.

Кытай эл Республикасынын 200 абдан ийгиликтүү өнүгүп жаткан ишканаларынын катарына кирген, тышкы экономикалык ишмерчиликке адистешкен  Синьцзяндык соода-өнөр жай корпорациясы жана XiaMen Golden Dragon Bus компаниясы айыл чарбасы, анын катарында тоо-кен тармагы үчүн атайын техникаларды даярдашат. Мындан тышкары Борбордук Азия өлкөлөрү жана Орусия үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарын чыгарышат.