Кардарлар үчүн маалымат

21.07.2015

Урматтуу кардарлар!

 2015- жылдын 20-июлунан баштап 7 августка чейин  “Бай Түшүм” Банкы  өзүнүн кардарларынын-аманатчыларынын арасында сактоолук тажрыйбасын жана депозиттик продуктуларга болгон талаптарды аныктоо максатында изилдөө жүргүзөт.

 Изилдөөнүн максаты: сактоонун себептерин/мотивдерин, банкты жана депозиттик продуктуларды тандап алуунун  критерийлерин аныктоо, аманаттын шарттары боюнча кардарлардын  талабын жана сунуштарын, пикирлерин  изилдөө. Алынган жооптор азыркы иштеп жаткан депозиттик багыттын ишин өнүктүрүү жана жаңы депозиттик продуктуларды иштеп чыгуу үчүн гана пайдаланылмакчы. Изилдөө милдеттүү түрдө   конфиденциалдуулук жана маалыматты таркатпоо  принциптерин сактоо менен жүргүзүлөт.

Эгерде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, анда 0(312)905 805 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.