BTB жаңыртылды: финансыларды башкаруу дагы ыңгайлуу болду

02.02.2026

Урматтуу кардарлар!
Биз BTB мобилдик тиркемесин жаңырттык жана финансыларды башкаруу дагы ыңгайлуу жана жеңил болсун деп бир катар пайдалуу мүмкүнчүлүктөрдү коштук.

1.Кардарды алыстан идентификациялоо эми колдонмодо жеткиликтүү

Эми биздин Банктын кардары болуу үйдөн чыкпай эле мүмкүн. Жеке маалыматыңызды мобилдик колдонмо аркылуу алыстан идентификациялап, ийгиликтүү өтсөңүз, банктын кызматтары сизге жеткиликтүү болот.

Ыкчам, жөнөкөй жана коопсуз — бардыгы сиздин ыңгайлыгыңыз үчүн.

2. Амалыңыз боюнча push‑эскертүүлөр
Карталарыңыз боюнча бардык операцияларды убактысында билип туруңуз — тиркемеде push‑эскертүүлөр ишке ашырылды.
Эскертүүлөрдү алуу үчүн, аларды тиркемеде жана телефон түзмөгүңүздүн жөндөөлөрүндө жандырыңыз.

3. Төлөм карталары үчүн PIN‑кодду алмаштыруу
PIN‑кодду унутуп калдыңызбы? Эми төлөм картаңыздын PIN‑кодун тиркемеден өзүңүз оңой алмаштыра аласыз — тез, ыңгайлуу жана банк бөлүмүнө келбестен.

Тиркемеде PIN-кодду кантип өзгөртүү керек:

  1. Тиркемеге кириңиз.

  2. PIN-кодун өзгөрткүңүз келген картаны тандаңыз.

  3. Менюдан «Картанын PIN-кодун өзгөртүү» пунктун тандаңыз.

  4. Жаңы PIN-кодду киргизиңиз.

  5. PIN-кодду кайра киргизиңиз.

  6. Даяр! Операция ийгиликтүү аяктады.

4. Карталарды тиркемеде активдештирүү
Банктын картаңызды активдештирүү дагы жөнөкөй болду: BTB мобилдик тиркемесинде бир нече кадам менен жасаңыз.

 Бардык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу үчүн, App Store же Google Play аркылуу тиркемени акыркы версияга жаңыртыңыз.