BTB Business’теги жаңы мүмкүнчүлүктөр: жеке ишкерлер үчүн дагы ыңгайлуу сервистер

08.06.2026

Урматтуу кардарлар!

Жеке ишкерлер үчүн BTB Business мобилдик тиркемесинин жаңы жаңыртуусу жарык көрдү. Биз тиркеменин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, бизнесиңизди башкарууну дагы ыңгайлуу кылган жаңы сервистерди коштук.

Мобилдик тиркеме аркылуу эсеп ачуу

Эми жеке ишкерлер эсеп ачууга арызды түз эле тиркеме аркылуу бере алышат.

Эсеп ачуу үчүн төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

  • «Эсептер» бөлүмүнө өтүп, «Эсеп ачуу» баскычын басыңыз;
  • эсептин валютасын тандаңыз;
  • тейлөөчү аймакты жана филиалды көрсөтүңүз;
  • операцияны OTP-код аркылуу ырастаңыз.

Арыздын статусун «Тарых» → «Тейлөө» бөлүмүнөн көзөмөлдөөгө болот.

Азыркы учурда бул кызмат оффлайн идентификациядан өткөн кардарлар үчүн жеткиликтүү.

Салыктык карыздарды төлөө

Тиркемеде ИНН аркылуу салыктык карыздарды текшерип, дароо төлөө мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды.

Сервис башкы экранда жайгашкан жана мамлекеттик органдарга барбастан эле төлөм жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Дордой сервистери» бөлүмүнүн жаңыртылышы

Колдонуучулардын ыңгайлуулугу үчүн «Дордой сервистери» бөлүмүнө «Баарын тандоо» функциясы кошулду.

Жаңы мүмкүнчүлүк төмөнкүлөрдү камсыздайт:

  • бардык жеткиликтүү инвойстарды бир басуу менен тандоо;
  • баскычты кайра басканда бардык тандоолорду алып салуу;
  • инвойстар тандалганда же тандоо алынганда төлөнүүчү сумманын автоматтык түрдө кайра эсептелиши.

BTB Business тиркемесин жаңыртып, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бүгүнтөн баштап пайдаланыңыз!