Интернет-банкингде валюта алмашуу жана төлөмдөр – эми дагы ыңгайлуу

14.08.2025

Урматтуу кардарлар!

Биз тейлөө кызматтарыбызды үзгүлтүксүз жакшыртып жатабыз жана маанилүү өзгөрүүлөр жөнүндө кабарлоону кубаныч менен билдиребиз.

1. Валютаны алмаштыруу процесси оптималдаштырылды

Эми «Валютаны алмаштыруу» бөлүмүндө сиз:

  • Банктын коммерциялык курсу боюнча валютаны алмаштыра аласыз;

  • АКШ доллары 1000ден ашык суммада валютаны индивидуалдуу курс боюнча алмаштыра аласыз.

2. Төлөмдөрдү ыңгайлуу ырастоо 

Төмөнкү операциялар үчүн:

  • Счеттор ортосунда которуу

  • Клиринг төлөмдөрү

  • Гросс төлөмдөр

  • Банктын ичинде которуулар

Ырастоо мындайча жүргүзүлөт:
• Бир ролду колдонууда — SMS аркылуу ырастоо талап кылынбайт.
• Эки ролду колдонууда — SMS бир жолу гана келет (мурда эки жолу келген).

Суроолоруңуз же кыйынчылыктарыңыз болсо, өзүңүздүн кураторуңузга же 8899, 0990 00 88 99 номурлары аркылуу байланыш борборго кайрылыңыз.