Бай Тушум Банк жаңы кеңсеси эми ТРЦ «Дордой Плаза» соода борборунда
25.05.2026

Бүгүн «Дордой Плаза» соода борборунда Бай Тушум Банкынын кеңсесинин салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Мурда Киев көчөсү, 49 дарегинде жайгашкан BTB Center сактык кассасы эми «Дордой Плаза» соода борборунун -1-кабатында кардарларды тейлейт.
Ачылыш аземинин урматына коноктор үчүн майрамдык программа уюштурулуп, келгендерди белектер, даамдуу сый тамактар, жагымдуу сюрприздер жана жылуу маанай күттү. Иш-чарага Банктын туруктуу кардарлары, акционери жана Бай Тушум Банк Башкармалыгынын мүчөлөрү катышты.
Жаңы кеңседе жеке жана юридикалык жактар үчүн банктык кызматтардын толук спектри сунушталат — эсептик-кассалык тейлөөдөн тартып бизнес жана жеке кардарлар үчүн заманбап финансылык чечимдерге чейин.
Кеңсенин иштөө тартиби:
Дүйшөмбү – Жума:
10:00 – 20:40
Техникалык тыныгуу: 16:30 – 17:30
Ишемби:
10:00 – 18:00
Тыныгуу: 12:00 – 13:00
Жаңы заманбап кеңсебизден туруктуу жана жаңы кардарларыбызды көрүүгө ар дайым кубанычтабыз!

