«ЛИДЕР» эл аралык акча которуулар тармагы боюнча тарифтердин төмөндөшү

19.06.2014

Урматтуу кардарлар,

2014-жылдын 20-июнунан бери Орусиядан Кыргызстанга жана Кыргызстандан Орусияга «ЛИДЕР» эл аралык акча которуулар тармагы боюнча акча которуулар үчүн жаңы тарифтер киргизилди.

Мындан ары көрсөтүлгөн багыттар боюнча акча которууларды жүргүзүү үчүн которуунун суммасынан 1% өлчөмүндө тариф бекитилди.

Жаңы тарифтер Банктын жалпы Кыргызстан боюнча жайгашкан бардык 54 офисинде колдонулуп жатат. Анда «ЛИДЕР» которуулары боюнча рубль, АКШ доллары жана Евро менен акча которууларды жөнөтүп, же алса болот. Которуулар боюнча операцияларды жүргүзүү убактысы 1-15 мүнөттү гана түзөт.

Башка өлкөлөргө акча которуулардын тарифтери жөнүндө төмөнкү дарек боюнча билип алууга болот: http://leadermt.ru/client/calculator/.

Маалымат үчүн:
«ЛИДЕР» эл аралык акча которуулардын системасы, туугандарыңызга жана жакындарыңызга акча каражаттарды жөнөтүү, ошондой эле элге кызмат көрсөтө турган, ар кандай провайдерлердин дарегине төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды сунуш кылат.
«ЛИДЕР» төлөм системасы рынокто 2003-жылдан тартып иштейт жана россиянын алдыңкы акча которуу системаларынын бири болуп саналат. ЛИДЕР Төлөм системасынын уюштуруучусу болуп, «ЛИДЕР» ЖАК НКО (Москва, Россия) болуп саналат, РФ ББнын №3304-К Лицензиясы.
Системанын географиясына дүйнөнүн 132 өлкөсү жана Россияда жана андан тышкары чет өлкөлөрдө 500 ишкер өнөктөштөрү (банктар, финансылык компаниялар, мобилдик байланыш операторлору, камсыздандыруу жана туристтик компаниялар, бюджеттик уюмдар жана көптөгөн башка уюмдар) кирет.