Банктын Бишкек филиалы: Фрунзе көчөсү, 533а дареги боюнча жаңы имаратка көчтү

21.11.2016

21- ноябрда банктын Бишкек  филиалы Фрунзе көчөсү, 533а /Исанов көчөсүнүн кесилиши/ дарегиндеги жаңы имаратта жайгашкан ишкер-борбордо   кардарларды тейлөө үчүн  өз эшигин ачты.

Кардарлар Банктын бул филиалында сапаттын жаңы деңгээлиндеги  банктык сервистен пайдалана алышат. Кардарлар үчүн түзүлгөн заманбап жасалга жана  тейлөөнүн ыңгайлуулугу тейлөө кызматынын жүрүшүнүн алда канча жагымдуу, тез жана натыйжалуу болушуна шарт түзгөн.

Сиздерди жаңы офисте дүйшөмбү-жума күндөрү, түшкү тыныгуусуз  саат 8:30дан 17:30га чейин күтөбүз.  Бардык суроолор боюнча:  (312) 31 07 28 телефонуна кайрылсаңыздар болот.