Биздин кесиптешибиз Койлубаева Айгүл «МИК» ААКсы тарабынан Баткен облусу боюнча мыкты адис деп табылды

29.12.2016

«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКсы 28-декабрда Баткен филиалынын сатуулар боюнча адиси  Койлубаева Айгүлдү Баткен облусу боюнча мыкты адис деп тапты. Ардак Грамота менен сыйлоо жана SAMSUNG GALAXY мобилдүү телефонун тартуулоо КРнын Экономика Министрлигинин конференц-залында болуп өттү.

«Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКсы банк-өнөктөштөрдүн 2016-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык тапшыруу аземинде КРнын Өкмөт Аппаратынын өкүлү Азиз Аалиев, «МИК» ААКсынын Башкармалыгынын Председатели Бактыбек Шамкеев, «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКсынын кызматкерлери жана Банктардын өкүлдөрү, анын ичинде «Бай Түшүм» Банкынын Башкармалыгынын мүчөсү, сатуулар башкармалыгынын башчысы Канат Курманов катышышты.

Биздин кесиптешибиз Айгүлдү чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз жана дагы-да ийгиликтерди  каалайбыз.

IMG_0583