Биздин кесиптешибиз Эсен Өмүров КРнын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланды

23.01.2017

20-январда КРнын Премьер-Министри С. Ш. Жээнбеков Каракол филиалынын юристи Эсен Өмүровду мамлекет алдында өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйлады.  Ардак Грамота менен сыйлоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин конференц-залында болуп өттү.

Ардак Грамота менен сыйлоо Ысык-Көл облусунун юстиция башкармалыгынын акыркы 10 жыл аралыгындагы аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча жүргүзүлдү. Сыйлык тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигинин статс-катчысы Ч. К. Мамидинова., Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын башкармалыгынын башчылары  А. У. Шатенов жана башкалар катышышты.

Биздин кесиптешибиз Эсенди татыктуу сыйлыгы менен чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз жана мындан ары да ийгиликтерди каалайбыз.

IMG_4690