UPT төлөм системасы аркылуу которууларды баштадык!⁣⁣⠀

15.06.2021

11-мартта “Бай Түшүм” банкы жана UPT төлөм системасы кызматташуу келишимине кол коюшкан. Үч айдын ичинде ишке киришүүгө даярдык көрүлүп, жакында гана биринчи акча которуулар башталды.⁣⁣⠀

UPT – Түркиядагы ички жана тышкы акча которуулары үчүн аянтча болуп саналат. Ошондой эле дүйнөнүн дээрлик 200 өлкөсүндө 400дөн ашык пункту бар.⁣⁣⠀

“Бай Түшүм” банкы Кыргыз Республикасында Түркияга жана башка өлкөлөргө которууларды кабыл алып, жөнөтө алган биринчи банк болуп калды.⁣⁣⠀

Акчаны “Бай Түшүм” Банкынын каалаган 65 кеңсесинен жөнөтсөңүз болот.⁣⁣⠀

“Бай Түшүм” менен чек араларды жеңиңиз!