Максат Ишенбаев: Олег Тиньков, криптовалюта жана финансылык сабаттуулук жөнүндө

23.03.2018

2017-жылдын 1-декабрынан баштап «Бай Түшүм» банкынын башкармалыгынын Төрагасы Максат Ишенбаев болду. «24.kg» МАнын кабарчысы экономист менен анын келиши менен банкта мүмкүн болуучу  кандайдыр бир өзгөрүүлөр жөнүндө маек курду. Мындан тышкары, биз Максат Ишенбаевдин Олег Тиньковго карата көз карашын, банктар эмне үчүн финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш алып барышаарын жана криптовалютага каражат салуунун чоо-жайы жөнүндө билдик.

Банк тармагы үчүн ал жаңы адам эмес. Максат Ишенбаевдин бул рыноктогу иш тажрыйбасы 20 жылдан ашуун мезгилди камтыйт. Ал өз ишин Улуттук Банктан баштаган. Андан кийин ошол кезде дээрлик банкроттуулукка тушугуп турган «Энергобанкка» которулган. Анча көп эмес мезгил аралыгында финансылык-кредиттик мекемени лидерлик орунга алып чыгууга жетишкен. Кийин «Залкар Банкты» жана «Аю гарант» камсыздандыруу компаниясын жетектеген. Бүгүнкү күндө Максат Ишенбаев «Бай Түшүм» банкын жетектөөдө.

—  Буга чейинки иш ордуңуздан кандай тажрыйбаны алып чыктыңыз? Банкта эмнелерди колдонууну болжоп жатасыз?

— Компаниянын иши ийгиликтүү болушу үчүн, мекемеде ак пейил, достук атмосфераны түзө билүү маанилүү деп ойлойм. Кызматкерлердин энергиясы ички талаш-тартыштарга эмес, жаратмандыкка жана сырткы проблемаларды чечүүгө багытталышы керек. Мен, банктын кызматкерлери буга ишенип калышты деп ойлойм, жамаатта өз ара сыйлашууну жана бири-бирибизге болгон ишенимди иштин өзөгү катары карайм.

Азыркы, биздин убактагы ийгиликтин маанилүү факторлорунун бири – кызматкерлерди окутуу болуп эсептелет. Алардын адистиктерин жогорулатууга, ошондой эле мекемеде жагымдуу шарттарды түзүүгө туруктуу инвестициялар керектелет. Мында бир гана материалдык багытта эмес, биргелешкен спорттук, социалдык жана башка иш-чаралар сыяктуу материалдык эмес нерселердин да мааниси зор. Уюмдун ийгиликтери үчүн жан-дили менен кубана турган профессионал команданы ушунтип гана түзүүгө болот. Бул мамлекеттик компания болобу, министрликпи, мекеме же жеке уюм болобу, анын айырмасы жок.

— «Бай Түшүм» банкы башка банктардан эмнеси менен айырмаланат? Ал кандай уникалдуу банктык продуктуларды сунуштап жатат же сунуштоого тийиш?

— Банктар технологиялары жана продуктулары боюнча иш жүзүндө бири-биринен айырмаланышпайт. Бирок кайсы гана банк болбосун анын келечеги – интернет, мобилдүү телефондор жана дистанциялык тейлөөнүн башка да  каналдары аркылуу кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүүгө байланыштуу. Алдыңкы кардарлар бүгүнкү күндө деле банктын кеңселерине баруу, кезек күтүп отуруу үчүн убакыт короткулары келишпейт. Алар банктык тейлөөлөрдүн кайсы гана убакта болбосун, кайда гана жүрбөсүн жеткиликтүү болушун каалашат.

Бизнес моделине көпчүлүк көз салып турган «Тинькофф» банкынын мисалында, биз жаңы филиалдарды ачууну жана ушул багытка каражат салууларды жүргүзбөйбүз. Бирок май айынын башталышында биз VIP-кардарларды тейлөө үчүн  Бишкекте «BTB Business» брендинин алдында жаңы кеңсе ачабыз.

— Сиздин жеке өзүңүздүн Олег Тиньковго көз карашыңыз кандай? Анын кандай  идеяларын Кыргызстанда колдонууга болот?

—Бардык кесиптердин ичинен мен өзгөчө ишкерлерге башымды ийгим келет. Алар өз бизнесин гүлдөтүп өнүктүрүү үчүн колунда болгондун баарын жумшашат. Мына ушул үчүн мага Тиньков абдан жагат. Китеп текчелеринде анын «Я такой как все» деген китеби пайда болоор замат, мен бир дем менен окуп чыктым. Мен анын зор талантка ээ, тубаса бизнесмен экендигин түшүндүм. Ал эмнени гана колуна албасын, аны алтынга айландыра алат. Ал бизнести негиздеп, анан аны кирешелүү сата алган. Бул мага абдан таасир берди. Саткан учурда гана сен бизнестин чыныгы наркын биле аласың. Мен кандай гана учурда болбосун, эгер ал үчүн жакшы баа берип жаткан болсо, анда бизнести сатууга дайыма даяр туруу керек деп эсептейм.

Биздин өлкөбүздө Ата-мекендик рыноктун чегинен чыгып кетишкен талантуу ишкерлер көп. Эгерде Кыргызстанда Тиньков сыяктуу бизнесмендер көбүрөөк болгондо, өлкөбүздүн экономикалык абалы алда канча жакшыра тургандыгына мен ишенем.

— Орусиялык рынокто Банк тармагындагы инновацияны баалоо учурунда «Тинькофф Банкынан» башка да Сбербанк жөнүндө да көбүрөөк сөз кылышат. Сиз Герман Грефтин демилгелерине кандай көз караштасыз?

— «Бай Түшүм» банкынын жалпы жамааты менен бирге биз Сбербанктын өнүгүшүнө кунт койо көз салып келе жатабыз. Герман Греф мага жагат. Менин баамымда ал космостон келген адам сыяктуу. Мен Сбербанк сыяктуу машинени рыноктун жолуна буруп жана аны технологиялуу кылуу мүмкүн эмес деп ойлогом. Бирок алардын иштерин көрүп туруп, бардыгы мүмкүн экендигин түшүнөсүң. Муну Кыргызстанда да колдонууга болот. Сбербанк башка иштердин катарында agile-команда чакан топторунун эмгегин уюштуруу практикасын активдүү колдонуп жаткандыгы мага жагат. Биз дагы аны өзүбүздө колдонууну көздөп турабыз. Кардарлар үчүн банкты новатордук жана эффективдүү кылууга аракеттенебиз.

— Сиз өлкөбүздөгү финансылык сабаттуулуктун деңгээлин кандай баалайсыз?

— Мен калктын финансылык сабаттуулугунун деңгээли жылдан жылга өсүп бара жатат деп эсептейм. КРнын Улуттук Банкы жана финансылык инстиуттар тарабынан өткөрүлүп жаткан программалар азыр көп болуп калды, финансылык сабаттуулук боюнча атайын китептер, алардын катарында кыргыз тилинде да, чыгарылып жатат. Банктар, Улуттук Банкка жардам берүү менен, өз кезегинде калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча программаларга активдүү катыша башташты. Бирок ушул эле учурда Кыргызстандын калкынын басымдуу бөлүгү, финансылык сабаттуулук боюнча, дагы деле төмөнкү деңгээлде турат. Бул маселе аймактарда өзгөчө курч  абалда.

— Абалды кантип өзгөртүүгө болот?

— Финансылык сабаттуулукту мектеп партасынан баштап эле берүү керек, балдарды акча деген эмне, аны кантип башкаруу керек экендигине окутуу керек. Буга азыркы замандагы технологиялар жана программалоо менен катар эле өзгөчө көңүл бөлүнүүгө тийиш. Билим берүү Министрлиги жакынкы арада мектеп программасына финансылык сабаттуулук сабактарын киргизүүнү пландаштырып жатышкандыгы кубандырат.

«Бай Түшүм» банкы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган ар кандай иш-чараларды активдүү өткөрүп келе жатат. 12-марттан 18-мартка чейинки Бүткүл Дүйнөлүк акча жумалыгынын алкагында биздин кызматкерлер бүткүл Кыргызстан боюнча 68 мектепте «Акчанын мааниси бар» жана «Сактоолук» темалары боюнча тренингдерди өткөрүштү. Ага 5 миңге жакын мектеп окуучулары катышышты. Мындан тышкары биз Өнүгүү саясаты Институту менен биргеликте өткөргөн   мектеп окуучулары арасындагы сүрөт конкурсу 12-мартта аяктады. Биз 900дөн ашуун сүрөт чогулттук. 20-мартта Сүрөт музейинде көргөзмө ачылып, биз анда жеңүүчүлөрдү сыйладык. Сүрөт көргөзмөсү 4-апрелге чейин созулат.

— Сиздин биткоинге, блокчейнге, криптовалюталарга көз карашыңыз кандай?

— Өтө сактык менен карайм. Кыргызстанда майнерлер пайда болуп калды. Алар бул жерге электроэнергиясына болгон баа башка өлкөлөргө караганда бизде бир канча төмөн болгондугу үчүн келип жатышат.

Бирок биздин жарандарга азырынча криптовалюталар боюнча көп деле ойлонуунун кажети жок. Бул бир канча кымбат, биткоиндерди «табууга»  мүмкүнчүлүк бере турган атайын жабдуу керектелет. Буга кошумча рынок абдан туруксуз жана тобокелчиликтер көп. Мен кесипкөйлөрдөн башкаларга ал жакка барууга кеңеш бербес элем.

Биринчиден, биздин рыноктордо биткоиндер менен эч нерсе кыла албайсың, эч нерсе сатып ала албайсың. Көпчүлүктөр үчүн ал инвестициялоо үчүн инструмент. Бул максат үчүн алда канча коопсуз инструменттер бар деп эсептейм. Эгерде тобокелчилик жөнүндө айтсак, анда 2018-жылдын башталышынан бери эле кылмышкерлер криптовалютада 1,3 миллиард уурдап алышкан. Бул тармак алда канча ачык-айкын жана коопсуз болбосо, анда жылдын аягына чейин криптовалютада 3,2 миллиард уурдалып кетиши мүмкүн экендигин эксперттер айтып жатышат.

Буга карабастан криптовалютанын келечеги бар. Биз көпчүлүк өлкөлөрдүн борбордук банктары ушул рынокту жөнгө салып, аны коопсуз кылууга киришип жатышкандыктарын көрүп жатабыз. Бирок биздин өлкөбүздө бул рынок жөнгө салынбаган, профессионал эместер тобокелчиликке барбай эле коюшканы оң.

— Банкка ишке которулгандыгыңызга байланыштуу иш тартиби өзгөрүлдүбү? Көңүлүңүзгө жаккан хоббилер үчүн убактыңыз калабы?

— Албетте иш жана жоопкерчилик көбүрөөк болуп калды, бирок иш тартиби мурдагы иштегидей эле. Менин негизги хоббим – бул футбол, аны мурдагыга караганда бул жакта да көбүрөөк ойной баштадым. Банкта өзүнүн футбол командасы бар, азыр биз банктар аралык чемпионатка активдүү даярданып жатабыз. Бактыга жараша, жаңы жумушум менин дагы бир кызыгуум болгон – вокал менен машыгуума жолтоо болгон жок. Кышында дем алуу күндөрү мен лыжа тебем, жазында жана күзүндө гольф ойноп, ат минип жана мотоцикл айдаганды жакшы көрөм.

— Сиз өз балдарыңызды кандай баалуулуктардын негизинде тарбиялап жатасыз? Аларды финансылык сабаттуулукка окутуп жатасызбы?

— Роберт Кийосакинин  «Богатый папа, бедный папа» деген китеби чыгаар замат, мен аны окуп чыктым. Автор китебинде атайын балдар үчүн «Денежный поток» оюнун чыгаргандыгын жазган. Мен аны дароо эле сатып алдым, эми менин кыздарым активдер жана пассивдер эмне экендигин түшүнүп калышты.  Түшүнүктүн өзөгүн бердим деп ойлойм. Бирок жаш курагына жараша кыздар баары бир модалуу кийингенди, жакшынакай болуп көрүнүүнү каалашат, мындан кутула албайсың. Тарбиянын башка аспектерине байланыштуу айтсам, анда мен алардын бош убактылары болушунча азыраак калышына дайыма аракеттенем. Улуу кызым көркөм гимнастика боюнча спорт мастерлигине кандидат. А кичүүсү – чыгармачыл натура, музыкалык мектепте окуп жатат. Анан албетте биз жубайым экөөбүз балдарыбызга жалпы адамзаттык баалуулуктарды: улууларды, ата-энени урматтоо, жакын адамдарга боорукер болуу сыяктуу тарбияны берип келе жатабыз.

— Сиз кандай китептерди окуйсуз?

— Ар кандай. Жаш кезимде курч окуялуу китептерди окуучумун, кийин тарыхый романдарга кызыгып кеттим, андан кийин адистик багытындагы – менеджмент, маркетинг, финансы жөнүндөгү китептерди окуганды жактырам.   Акыркы кездерде менеджменттеги даанышман-гуру Ицхак Адизестин китептерин кызыгуу менен окуп жүрөм, жада калса анын компаниясын биздин банктын консалтинги үчүн чакырсамбы деген ниетим да бар. Жакында мен Б.Кингдин «Банк 3.0» деген китебин окуп чыктым, бул китеп бүгүнкү күндө ар бир банкирдин үстөлүндө болууга тийиш деп эсептейм. Анан албетте, өзүн-өзү өстүрүү жана өнүктүрүү боюнча китептерди жакшы көрөм. Бул багытта биринчи орунда мен үчүн Майкл Роуч турат.

<24.kg> МА. Татьяна КУДРЯВЦЕВА