Максат Ишенбаев: «Кыргызстанда “жашыл” экономиканы өнүктүрүү зарыл»

18.06.2018

1-июнда,  BIFF – 2018  Бишкек эл аралык финансы форумунда «Бай Түшүм» банкынын Башкармалыгынын Төрагасы Максат Ишенбаев «Энергоэффективдүү долбоорлорду финансылоо» темасы менен чыгып сүйлөдү.  Максат Ишенбаев сөзүндө ар кандай мамлекеттердин азыркы учурдагы туруктуу экономикалык жана социалдык өнүгүүсү курчап турган чөйрө менен шайкеш келген мамиле түзүлгөндө гана максатына жете ала тургандыгын айтты. Туруктуу өнүгүүнүн концепциясы экономикалык, социалдык жана экологиялык факторлорду тең салмакта эсепке алуу проблемаларын комплекстүү чечүү жолдорун көздөйт.

«Бүгүнкү күндө бардык өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү өнүгүүнүн стратегияларында мамлекеттин жана жеке инвесторлордун  инвестициялык саясаты, ошондой эле финансылоо булактарын кеңейтүү  «жашыл» экономикага карай багытка негизделген. Балдарга жана неберелерге таза экологияны мураска калтыруу үчүн  «жашыл» экономиканын принциптерин ишке ашырууну өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык программасына сөзсүз түрдө киргизүү зарыл экендигин    мамлекет таасын тұшұнүүгө тийиш. «Жашыл экономиканын» үлүшүн көбөйтүү үчүн жаңы бир нерсе ойлоп табуунун зарылчылыгы жок. Бул маселеге зор көңүл буруп, 2023-жылга чейин 460 млрд. ашуун АКШ долларын инвестициялоону мерчемдеп  жаткан Кытайды ээрчүү милдет эмес. Кээ бир өлкөлөр экономикасынын өлчөмүн, технологиясын жана финансылык мүмкүнчлүктөрүн эсепке алуу менен өз жолдорун тандап алышууда. Кээ бир өлкөлөр, мисалы Италия, салык жеңилдиктерин беришет, кээ бирөөлөр, Финляндия жана Түркия сыяктуу  пайыздык чендерди субсидиялашат, кээ бирөөлөр – АКШ жана Улуу Британияда нөлдүк пайыздык чени менен финансылоону беришет, кээ бирөөлөр Бангладеш сыяктуу атайын фонд түзүшкөн, ж.б.у.с. Кыргызстан жогоруда аталган мисалдардын бирин карманса болот. Мында эң башкысы, түшүнүү, каалоо жана“policy makers” саясий эрки болууга тийиш, – деп белгиледи «Бай Түшүм» банкынын Башкармалыгынын Төрагасы Максат Ишенбаев.

«Бай Түшүм» банкы 6 жылдан ашуун мезгилден бери KIVA Фонду, Кыргызстанда туруктуу энергияны финансылоо Программасы (KyrSEFF жана KyrSEFF+) сыяктуу уюмдар менен кызматташуу менен  энергоэффективдүү долбоорлорду финансылап келе жатат, бул долбоор   Реконструкциялоонун жана Өнүктүрүүнүн Европалык Банкы, KFW өнүктүрүү банкы тарабынан иштелип чыккан. Ушул программалардын алкагында банк тарабынан  жалпы суммасы 6,5 млн. АКШ долларын түзгөн  энергоэффективдүү долбоорлор каржыланды.  Мындан тышкары Кыргызстанда туруктуу энергияны финансылоо Программасы (KyrSEFF жана KyrSEFF+) тарабынан жалпы суммасы 401 000 АКШ долларынан ашуун гранттар банктын кардарларына берилди. «Бай Түшүм» банкынын жакынкы арадагы пландарында атайын «жашыл» долбоорлорду финансылоону улантуу каралган. Бул сырьену кайрадан иштетүүнү, тамчылатып сугарууну, күн панелдерин жана тазалоочу жабдууларды орнотууну каржылоону улантуу болмокчу. Биз, булардан тышкары, автомобилдер үчүн бүркүлгөн газдын көлөмүн кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүүчү атайын жабдууларды алууну каржылоону абдан кызыгаарлык долбоор деп эсептейбиз»,- деп кошумчалады «Бай Түшүм» банкынын Башкармалыгынын Төрагасы Максат Ишенбаев.

Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Банктар Бирлиги тарабынан уюштурулган жыл сайын өтүүчү бизнес-форумда, анын катышуучулары финансы-кредит чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди талкуулашат.  Иш-чарага жергиликтүү жана чет элдик банктардын, микрофинансылык уюмдардын эксперттери, уюлдук байланыштын операторлору, камсыздандыруу жана финансылык компаниялардын өкүлдөрү, банктык жабдууларды жана IT-чечимдерди коюучулар, мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, аналитиктер жана бизнес-коомчулуктардын өкүлдөрү жыл сайын чогулушат