«Бай-Түшүм жана Партнерлор» банкы эсеп ачпастан «ЛИДЕР» эл аралык акча которуулардын системасын ишке киргизди

16.05.2013

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» жеке жактар үчүн «ЛИДЕР» эл аралык акча которуулардын системасын ишке киргизди.  Банктын кардарлары «ЛИДЕР» системасы аркылуу эсеп ачпастан Россиядан, Украинадан, Беларусиядан, Латвиядан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Кыргызстандан, Казахстандан, Грузиядан, Армениядан, Азербайжандан, Улуубританиядан, Испаниядан, Монголиядан, Болгариядан, Чехиядан, Кытайдан, Бириккен Араб Эмираттардан, Грециядан, Израилден, Италиядан, Румыниядан, Туркиядан жана Вьетнамдан акча которууларды ала алышат жана акча которууларды жүргүзө алышат.

Бүтүндөй Кыргызстандын аймагында жайгашкан, Банктын 45 кеңселеринин баардыгынан рублдерде, АКШ долларында же евро менен «ЛИДЕР» акча которууларын жөнөтө аласыз жана ала аласыз. Которуу боюнча операцияны жүргүзүү убакыты 1-10 минутаны түзөт.

Которууну жургүзүү үчүн тарифтер, багытына жараша, 1,3% дан 3% га чейин түзүлдү.

Маалымат үчүн:
«ЛИДЕР» эл аралык акча которуулардын системасы, туугандарыңызга жана жакындарыңызга акча каражаттарды жөнөтүү, ошондой эле элге кызмат көрсөтө турган, ар кандай провайдерлердин дарегине төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча кызматтарды сунуш кылат.
«ЛИДЕР» төлөм системасы рынокто 2003-жылдан тартып иштейт жана россиянын алдыңкы акча которуу системаларынын бири болуп саналат. ЛИДЕР Төлөм системасынын уюштуруучусу болуп, «ЛИДЕР» ЖАК НКО (Москва, Россия) болуп саналат, РФ ББнын №3304-К Лицензиясы.
Системанын географиясына дүйнөнүн 132 өлкөсү жана Россияда жана андан тышкары чет өлкөлөрдө 500 ишкер өнөктөштөрү (банктар, финансылык компаниялар, мобилдик байланыш операторлору, камсыздандыруу жана туристтик компаниялар, бюджеттик уюмдар жана көптөгөн башка уюмдар) кирет.

«Бай-Түшүм жана Партнерлор» Банкы тууралуу
«Бай-Тушум жана Партнерлор» ACDI/VOCA өнүктүрүүсүнүн америка эл аралык уюму тарабынан 2000-жылы түзүлгөн. 2012-жылдын 13-ноябрында «Бай-Түшүм жана Партнерлор», Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын толук банктык лицензиясын алган, Борбордук Азиядагы биринчи микрофинансылык уюм болуп калды. 12 жылдан бери иштеген уюм, 100 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү жалпы активдери менен Кыргыз Республикасындагы өтө ири микрофинансылык интитуттардын бири болуп калды. Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм жана Партнерлор» Микрофинансылык банкы, 30 миңден ашык кардарлады тейлөө менен Кыргыз Республикасындагы алты эң ири банктардын арасына кирет.