Финансылык эмес компоненттер сактоолуктун көбөйүшүнө кандайча таасир бере алат?

16.04.2018

IFC, АУЦА жана «Ала-Тоо» эл аралык Университети менен бирдикте  банк жаңы долбоорду ишке киргизди, ал жогорудагы суроого жооп берет жана жөнөкөй адамдарга каражат топтоого, өз максаттарына жете билүүгө үйрөнүүгө жардам бере алат.

Бул жөнүндө банктын бизнести өнүктүрүү  бөлүмүнүн башчысы Мубара Джамалова кененирээк айтып берди:

«Долбоордун алкагында банкка кеп-кеңеш сурап кайрылган ар бир адам менен жекече иштер жүргүзүлөт. Биз финансылык максаттарды калыптандырууга жана аларга жетүүнүн ыкмаларын аныктоого жардам беребиз. Долбоордун катышуучуларына расмий сактоолуктар, депозиттер жана так белгиленген план боюнча каражат топтоо адатын кантип бекемдөө керектиги жөнүндө айтып беребиз. Мындан тышкары аралыктан туруп төлөм терминалдары, электрондук капчык же интернет-банкинг аркылуу депозитти кантип толтуруу керектигин практика жүзүндө көрсөтүп беребиз».

Апрель айында катышуучулар финансылык максаттарды калыптандырууну, сактоолуктардын планын түзүүнү, ошондой эле белгиленген максаттарга жетүүнүн мөөнөтүн аныктай билүүнү үйрөнүп калышат.

4 айга эсептелинген долбоордун бүткүл жүрүшүндө АУЦАнын жана «Ала-Тоо» эл аралык Университетинин студенттери долбоордун катышуучуларынын акча топтоо жана финансылык максаттарга жетүү маселелери боюнча алган билим деңгээлдеринин прогрессин аныктап турушат. ?