Visa Infinite картынын ээлери үчүн VIP-залга кирүү шарттарындагы өзгөрүүлөр

12.01.2026

2026-жылдын 19-январынан тартып Бай Түшүм Банкынын Visa Infinite карталарынын ээлери үчүн «Манас» аэропортунун VIP-залына кирүү шарттары өзгөрөт.

📌 Негизги шарттар:
▪️ VIP-залга кирүү — 80 000 сомдон жогору жүгүртүү болгондо
▪️ Акыркы 30 күн ичиндеги сатып алуулар эсепке алынат
▪️ Кыргызстанда жана чет өлкөдө соода түйүндөрүндө төлөмдөр, онлайн-төлөмдөр, ошондой эле Google Pay жана Garmin Pay аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөр эсептелет
▪️ Операциялардын саны эмес, жалпы чыгымдын суммасы маанилүү

❗️ Эсепке алынбайт: накталай акча алуу, которуулар, P2P, QR-төлөмдөр жана кредиттерди төлөө.
Эгер карта жаңы болсо — талап кылынган жүгүртүүгө жеткенден кийин VIP-залга кирүү мүмкүн болот.

Чыгымдарыңызды туура башкарып, Visa Infinite менен жолдо да комфорттон ырахат алыңыз 🧡