2026-жылдын 30-мартынан тарта пенсионер жана социалдык карталар боюнча тарифтердеги өзгөртүүлөр
16.03.2026
Урматтуу кардарлар!
Банктын пенсионер жана социалдык карталары үчүн төмөнкү тарифтер 2026-жылдын 30-мартынан тарта күчүнө кирээрин маалымдайбыз:
Пенсионер карталары
| № | Кызматтын аталышы | Жаңы баасы |
|---|---|---|
| 1 | Картаны кайра чыгаруу (жоголгон, жабыркаган, магниттик тилкеси бузулган, PIN-код жоголгон же карта реквизиттери өзгөргөн учурда, бирок картанын мөөнөтү өзгөрбөйт) | 80 сом |
| 2 | Башка банктардын банкоматтарынан накталай акча алуу | 0,6% |
| 3 | Картадагы акча калдыгына пайыз эсептөө | 0% жылдык |
Социалдык карталар
| № | Кызматтын аталышы | Жаңы баасы |
|---|---|---|
| 1 | Башка банктардын банкоматтарынан накталай акча алуу | 0,6% |
Бул өзгөртүүлөрдү карта менен операцияларды пландаштырганда эске алууну суранабыз.
Сиздин кызматтабыз жана ишенимиңиз үчүн рахмат!

