Операцияларды жүргүзүү жана банктык эсептерди ачуу боюнча лимиттерге өзгөртүүлөр киргизилди
01.11.2026
Урматтуу кардарлар!
«Бай-Түшүм» Банкы аралыктан тейлөө каналдарында операцияларды жүргүзүү боюнча лимиттерге өзгөртүүлөр киргизилгендигин маалымдайт.
Белгиленген шарттарга ылайык, лимиттер төмөнкүдөй аныкталды:
Юридикалык жактар үчүн:
- Интернет-банкинг аркылуу жүргүзүлгөн операциялар — чектөөсүз.
- QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялар — чектөөсүз.
Офлайн идентификациядан өткөн жеке ишкерлер үчүн:
- Мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлгөн операциялар — чектөөсүз.
- QR-код аркылуу жүргүзүлгөн операциялар — чектөөсүз.
Офлайн идентификациядан өткөн жеке жактар үчүн:
- Чыгуучу операциялар — суткасына 350 000 сомго чейин.
- Кирүүчү операциялар — чектөөсүз.
- QR-код аркылуу чыгуучу операциялар — 350 000 сомго чейин.
- QR-код аркылуу кирүүчү операциялар — чектөөсүз.
Ошондой эле аралыктан тейлөө каналдары (АТК) аркылуу банктык эсептерди ачуу лимитине өзгөртүү киргизилди.
Офлайн идентификациядан өткөн кардарлар үчүн ачылуучу банктык эсептердин (карталык эсептердин жана талап боюнча төлөнүүчү эсептердин) саны бир кардарга 10 эсептен ашпоого тийиш.
Бул чектөө мөөнөттүү депозиттик эсептерге жайылтылбайт.
«Бай-Түшүм» Банкына болгон ишенимиңиздер жана бизди тандаганыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

