«Астрасенд» системасы боюнча акча которууларды берүү шарттарынын өзгөрүшү
20.11.2025
Урматтуу кардарлар,
Сиздерге 2025-жылдын 1-декабрынан тартып «Астрасенд» акча которуу системасында россиялык рубль менен жүргүзүлгөн которууларды берүү боюнча бирдиктүү тариф киргизилерин маалымдайбыз.
Жаңы тартипке ылайык, акча которуусун алуу учурда которуу суммасынан 1,5% өлчөмүндө комиссиялык акы кармалат. Акы каражатты кабыл алуучудан, жөнөтүлгөн суммага жараша кармалат.
Ушул өзгөртүүлөр 2025-жылдын 1-декабрынан тартып күчүнө кирет.
Түшүнүү жана кызматташуу үчүн ыраазычылык билдиребиз.

