«Бай-Түшүм» Банкынын Башкы менеджери ЭлТР Коомдук телекөрсөтүүсүнүн программасынын  мейманы болду

28.02.2015

Кыргызстан аялдар кыймылынын 90 жылдык урматына арналып, « Роза Отунбаеванын демилгеси» Фонду жана социалдык өнүктүрүү  Министрлиги уюштурган Аялдардын биринчи улуттук форумунун алкагында бир катар теле- каналдар ар кандай ишмерчиликте ийгиликтерди жаратып, жеңиштерге ээ болгон айымдар катышкан телеберүүлөрдү жана теле-маектерди өткөрүштү.

«Бай-Түшүм» Банкынын Башкы  менеджери Гүлнара Шамшиева ЭлТР Коомдук телекөрсөтүүсүнүн «Күн Маек» программасынын мейманы болду  жана түз эфирде телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди.

Программанын алкагында Гүлнара Шамшиева өз ишиндеги ийгиликтеринин сыры жана ошондой эле Кыргызстандагы ишкер-аялдардын финансылоого жетишүүсүн кеңейтүү жөнүндө айтып берди. «Бай-Түшүм» Банкынын мүмкүнчүлүктөрү жана кыйынчылыктары, Банктын иши жана аялдар ишкерчилигин колдоого багытталган долбоорлор  жөнүндө  кызыктуу маек куруп берди.

«Ишкер-аялдарды колдоо – Банктын социалдык миссиясын турмушка ашыруудагы өзгөчө багыты болуп саналат. Банк акыркы 4 жылдын аралыгында аялдарды 5 млрд. сомдон ашуун суммага каржылады. Мындан башка да ишкер-айымдар үчүн атайын иштелип чыккан жана Банк ишке ашырып жаткан долбоорлорду турмушка ашыруу мезгилинде, бүткүл республика боюнча тигүү жана текстиль өндүрүшүндө, туристтик бизнес чөйрөсүндө эмгектенишкен 2 000 ашуун айым бизнес жүргүзүүнүн негиздерине окутуудан өтүштү», – деп белгиледи Гүлнара Шамшиева.