Банктын майрам күндөрүндөгү иш тартиби
19.03.2026
Урматтуу кардарлар!
Бүгүн, 2026-жылдын 19-мартында, майрам алдындагы күнгө байланыштуу Банктын бардык кеңселеринде иш күнү 1 саатка кыскартылат сиздерге маалымдайбыз.
Төлөмдөрдү жүргүзүү тартибиндеги өзгөрүүлөргө көңүл буруңуздар:
- ГРОСС системасы аркылуу төлөмдөр 14:50гө чейин кабыл алынат.
- Клирингдик төлөмдөр кадимки режимде — 11:40ка чейин жүргүзүлөт.
- SWIFT системасы аркылуу төлөмдөр 15:30га чейин кабыл алынат.
2026-жылдын 20-мартында Орозо айт майрамына жана 21-март Нооруз майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 113-беренесине ылайык Банктын бардык кеңселеринде эс алуу (иш эмес) күндөрү деп жарыяланат.
Каржылык операцияларды пландаштырууда бул маалыматты эске алууңуздарды суранабыз.
Түшүнүүңүздөр жана кызматташтыгыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз!

