Кыргызстанда 10-марттан баштап, 17-мартка чейин «Бүткүл дүйнөлүк Акча Жумалыгы» (Global Money Week). кампаниясы өтөт.

10.03.2015

Кыргызстанда 10-марттан баштап, 17-мартка чейин «Бүткүл дүйнөлүк Акча Жумалыгы» (Global Money Week). кампаниясы өтөт. Бул масштабдуу кампания ар жыл сайын «Child and Youth Finance» эл аралык коомчулугу тарабынан дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөлөрүндө өткөрүлүп келе жатат.

«Бүткүл дүйнөлүк Акча Жумалыгы» кампаниясы акча каражатын топтоонун маданиятын өстүрүүгө жана жаштар менен балдарга финансылык билим берүүгө багытталган.

Кыргыз Республикасында бул кампаниянын өткөрүлүшү Улуттук Банктын  жетекчилиги менен жүргүзүлүүдө. Калктын финансылык сабаттуулугунун маанилүүлүгүн түшүнүү  жана бул чөйрөдөгү топтолгон тажрыйбаны эске алуу менен  «Бай Түшүм»  Банкы  Кыргызстанда «Global Money Week» кампаниясын ишке ашырууда анын активдүү катышуучуларынын бири болду.

Калкты бул кампанияга көбүрөөк тартуу максатында, ага башка да финансылык мекемелер, ассоциациялар жана эл аралык уюмдар кощулушту. Алардын арасында: КРнын финансы министрлиги, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, Депозиттерди коргоо боюнча Агентство, КРнын эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Кыргызстан Банктарынын Союзу ассоциациясы, «Жаштарды өнүктүрүү институту» Коомдук уюму, Өнүгүүнүн саясаты институту, «ФИНКА Банк» ЖАК, «Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы» ЖАК, Эл аралык финансы корпорациясы (IFC), эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомчулугу (GIZ), «Кыргыз Фондулук Биржасы» ЖАК, «Жеке инвесторлор клубу» Коомдук уюму, Борбордук Азия Университети жана башка уюмдар бар.

Бул кампаниянын алкагында бүткүл өлкөбүз боюнча окуулар, семинарлар, тегерек үстөлдөр, финансы мекемелерине экскурсиялар өткөрүлөт.

Кампаниянын алкагында жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Респуликасынын Улуттук Банкы мектеп окуучулары арасында төмөндөгү номинациялар боюнча республикалык конкурс жарыялады:

  • Финансы темасындагы Эң мыкты сочинение;
  • «Кыргызстандын Улуттук валютасына арналат» темасындагы Эң мыкты ыр;
  • «Сом – Кыргызстандын жүзү» темасындагы Эң мыкты сүрөт.

Конкурстун шарттары жана сочинениенин темалары тууралуу кеңири маалыматты КРнын Улуттук Банкынын сайтынан http://www.nbkr.kg/index1.jsp?item=2205&lang=RUS алууга болот.

Тактама маалымат: 

«Global Money Week» кампаниясынын миссиясы финансылык интеграцияны, жеткиликтүү финансы продуктуларын жана балдар менен жаштар  үчүн финансылык билимди алга жылдыруу болуп эсептелет. 2014-жылы GMW алкагында 118 өлкөдө 2000 акция жана иш-чаралар өткөрүлгөн.

«Child and Youth Finance» кыймылынын негизги максаты балдарды жана жаштарды өз каражаттарын кантип  сактоо жана акчаны жоопкерчилик менен пайдалануу багытындагы билимди алууларына колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Бүгүнкү күндө бардык балдардын пайызынан азыраагы гана финансылык билим алууга жана финансы тармагындагы интеграцияга аралашууга мүмкүнчүлүгү бар. Кеңири маалыматты www.childfinanceinternational.org и www.globalmoneyweek.org расмий сайттарынан алууга болот.