«Бай Түшүм» Банкы Бишкекте өткөн Билимдин экинчи Фестивалынын расмий өнөктөшү жана демөөрчүсү болду

28.04.2014

Бишкекте 26-27 апрель күндөрү «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук уюму быйыл экинчи жылы И.Раззаков атындагы КМТУ, Бишкек шаардык мериясы жана КРнын Билим берүү жана Илим министрлиги менен кызматташтыкта  уюштурган Билимдин экинчи Фестивалы болуп өттү. «Бай Түшүм» Банкы расмий өнөктөш катары бул эки күндүк иш-чараны уюштуруу үчүн 5 миң АКШ долларын бөлүп берди.

Билим Фестивалы- бул интерактивдүү аянтчалары/илимге багытталган класстары жана салттуу экологиялык билимдерди жайылтууга арналган шаардык эки күндүк иш-чара. Билимдин биринчи фестивалы 2013-жылдын 18-19-май күндөрү болуп өткөн, ал зарыл жана маанилүү иш-чара катары өзүн көрсөтүп, көптөгөн жакшы каалоолорго жана колдоолорго ээ болгон. Фестивалдын максаты мектеп окуучуларынын жана болочок абитуриенттердин көңүлүн техникалык билимдерге жана келечектеги кесипти туура тандоого буруу болуп саналат.

«Мындай интеллектуалдык иш-чарага демөөрчүлүк көрсөтүү- Кыргызстандагы таланттуу мектеп окуучуларын жана жаш ойлоп  табуучуларды колдоо жана алардын өсүүсү үчүн    «Бай Түшүм» Банкынын кошкон дагы бир салымы. Билим фестивалы билим берүү тармагынын кеңири спектри  жана мектеп жашындагы балдар үчүн окутуу продукциялары менен  коомчулукту тааныштырууга эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп берет,»- деп белгиледи «Бай Түшүм» Банкынын Башкы менеджери Гүлнара Шамшиева.

Фестивалдын биринчи күнү И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык Университетинде болду, анда 100дөн ашуун ар кандай багыттагы билим берүү иш-чаралары өткөрүлдү. 7 жаштан жогорку балдарга алардын  экологиялык сабаттуулугун көтөрүү үчүн кеңири программа көрсөтүлдү. Катышуучулар кызыктуу илимий шоу жана физика, химия, информатика, энергетика, механика тармактары боюнча ар кандай тажрыйбаларды жана эксперименттерди көрө алышты. Бобордун ар кандай жогорку окуу жайларынын активисттери келечектеги абитуриенттерди жана алардын ата-энелерин ЖОЖдордо билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары менен бир күнү кечке чейин тааныштырып жүрүштү, окууга кабыл алуунун эрежелери, билим алуу жана студенттик кызыктуу турмуш жөнүндө айтып беришти.

Фестивалдын экинчи күнү, 27-апрелде Фестивал бир мезгилде Эски аянтта, «Эмен паркы» галереясында, Мамлекеттик тарых музейинде, Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда болуп өттү. Баардык каалоочулар төрт: билим берүү тейлөөлөрүнүн көргөзмө-жарманкесине, «Чеберлер шаарчасы», «Китептер дүйнөсү», «Гүлдөр көргөзмөсү» көргөзмө-жарманкелерине барышты, авиамоделдөө жана кум графикасы боюнча мастер-класстарга катышышты жана ошондой эле «Атам, апам жана мен- техникалык бүлөбүз» аттуу конкурска жана самын көбүкчөлөрүнүн шоусуна катышышты.

Фестивал ар түрлүү флеш-мобдор, денс-батлдар, майрамдык концерттер, театралдык постановкалар, цирк атракциондору жана интеллектуалдык оюндар менен коштолду. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча Фестивалга бул күндөрү он миңден ашуун адам келишти.