“Бай -Тушум” Банкы CONTACT төлөм системасы менен кайрадан иштеп баштады

03.06.2014

3- июндан баштап “Бай -Тушум” Банкы CONTACT төлөм системасы менен кайрадан иштеп баштады.

CONTACTтын жардамы менен Банктын кардарлары КМШ, Прибалтика өлкөлөрүнө, Грузия жана башка өлкөлөргө 100дөн ашык алыскы чет өлкөлөргө эсеп ачпастан акча которууларды жүргүзө алышат.

Которууну жүргүзүү үчүн тарифтер, багытына, валютанын түрүнө жана суммасына жараша, 0,75%дан 3% чейин түзүлгөн. Дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүнөн накталай же Европанын, АКШнын, Индиянын жана Түркиянын каалаган банкында ачылган эсепке которуу жолу менен акча которууларды төлөп берүүнүн ар кандай формалары каралган. CONTACT акча которууларын акча которууну жөнөтүү учурунда көрсөтүлгөн өлкөнүн территориясындагы системанын каалаган пунктунан алууга болот.