Сак болуңуздар! Электрондук капчыктарды финансылык пирамидалардын белгилери бар схемаларда колдонгон учурлар көбөйүүдө

01.02.2017

Урматтуу кардарлар,

Электрондук капчыктарды финансылык пирамидалардын белгилери бар ар кандай схемаларда, т.а.«Get-luck» жана ушул сыяктуу долбоорлордо колдонгон учурлар көбөйүп бара жаткандыгын Сиздерге маалымдайбыз.  

Мындай схемаларга катышуу убада кылынган кирешелерди алууга кепилдик бербей тургандыгына жана анда финансылык жоготууларга туш болуу тобокелдиги бар экендигине Сиздердин көңүлүңүздөрдү бурабыз. Бул сыяктуу схемаларга катышуу тууралуу сунуштарга абайлап көңүл буруп, андагы тобокелдиктерди дыкат баалоону жана сак болууну Сиздерден көптөн-көп суранабыз.