Банк Элкарт Business жана Visa Business карталары боюнча комиссияны төмөндөтөт

23.12.2025

Урматтуу кардарлар!

2026-жылдын 12-январынан тартып биздин банктын POS-терминалдарында накталай акча алуу учурунда Элкарт Business жана VISA Business (KGS) корпоративдик карталары боюнча комиссиялар төмөндөтүлөрүн маалымдайбыз.

Көрсөтүлгөн күндөн тартып төмөнкү тарифтер колдонулат:

  • Элкарт Business — комиссия 0,35 %дан 0,10 %га чейин төмөндөтүлдү

  • VISA Business (KGS) — комиссия 0,4 %дан 0,10 %га чейин төмөндөтүлдү

Жаңы шарттар бизнес-кардарларга накталай операциялар боюнча чыгымдарды кыскартууга жана корпоративдик карталарды дагы да пайдалуураак колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Толук маалыматты банктын бөлүмдөрүнөн же Банктын Контакт-борборунан алсаңыздар болот.