«Бай Түшүм» банкы «Мобильник акча» электрондук капчыктарындагы сакталган акча каражаттарын берүүнү улантууда   

27.06.2019

Достор,

Эгерде сиз «Мобильник акча» электрондук капчыгыңыздагы калдыгыңызды накталайга алмаштыра элек болсоңуз, анда биз сиздерди жакынкы күндөрдө «Бай Түшүм» банкынын бардык филиалдарынан паспортуңуздар менен келүүңүздөрдү күтөбүз. Калдык сумманы накталай түрдө берүүгө даярбыз.

«Мобильник акча» электрондук капчыгынан акча каражатын идентификацияланган пайдалануучулар гана накталайга алмаштыра алыша тургандыктарын эсиңиздерге салабыз, эгерде сиз ал катарда жок болсоңуз анда биз идентификациядан өткөрүүгө жардам беребиз. Өз смартфонуңузду унутпаңыз.

Жакында жолугушканга чейин!