«Бай Түшүм» Банкы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды Жаңы Жыл майрамы менен куттуктады

26.12.2016

Жаңы Жылдын алдында, 23-декабрда «Бай Түшүм» Банкы «Добро Кей Джи» Коомдук кайрымдуулук фондунун катталуусунда турушкан  215 мүмкүнчүлүгү чектелген балага  таттуу белектерди тартуулады. Банк үчүн кайрымдуулук иш социалдык жана жарандык жоопкерчиликти көрсөтүүдөгү алда канча таасирдүү ыкмалардын бири болуп саналат, ошондуктан Банк жардамга муктаж болгон жарандарга туруктуу негизде колдоо көрсөтүп келе жатат.

Балдарга жана алардын ата-энелерине чың ден-соолук, бактылуу күндөрдү жана бакубаттуулукту каалайбыз.

3