«Бай-Түшүм» банкы «Дордой» соода-базар комплексинде кеңсе ачты

11.07.2023

2023-жылдын 5-июлунда Борбордук Азиядагы эң ири “Дордой” соода-базар комплексинин аймагында жайгашкан “Дордой – Азия” соода борборунда “Бай-Түшүм” банкынын кеңсесинин ачылышы болуп өттү.

Банктын заманбап кеңсеси кардарларга жана конокторго күнүмдүк каржы маселелерин тез жана ыңгайлуу чечүүнү сунуштайт. Ишкерлердин ишенимдүү өнөктөшү болуу менен, «Бай-Түшүм» Банкы салттуу түрдө финансылык менеджментте колдоо көрсөтүп, коопсуздукту камсыздап, заманбап төлөм кызматтарын камсыз кылат.

«Бай-Түшүм» кеңсесинде ишкерлерге жана базарга келген конокторго төлөмдөрдү кабыл алуу, банктык эсепти ачуу жана жүргүзүү, мөөнөттүү депозиттерди ачуу, өлкө боюнча жана чет өлкөлөргө акча которууларды жөнөтүү, бизнести насыялоо сыяктуу бардык финансылык кызматтар жеткиликтүү, ошондой эле керектөөчү насыялардын бардык түрлөрү жеткилүктүү.

Бүгүнкү күндө «Бай-Түшүм» Банкы өлкө боюнча 65тен ашык кеңселери менен көрсөтүлгөн. «Бай-Түшүм» Банкы өз кардарларына тез жана ыңгайлуу кызмат көрсөтүүгө умтулат.

Эгерде сиз “Дордой” соода борборуна соода кылуу үчүн келип, төлөм картасынан акчаны кайдан алууну же валюта алмаштырууну билбей жатсаңыз, анда Кожевенной, 1, көчөсүндө жайгашкан “Дордой Азия” соода борборунда “Бай-Түшүм” банкынын кеңсесине кайрылыңыз.