Банк Финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иш-чараларды турмушка ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн КРнын Улуттук Банкынан алкыш алды

12.01.2018

Биз калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды турмушка ашырууга активдүү катышкандыгыбыз үчүн  декабрь айынын аягында КРнын Улуттук Банкынан  Алкыш кат алдык.

Сертификат Жаңы Жылга карата күтүлбөгөн жана абдан жагымдуу белек болду.

«Бай Түшүм» Банкы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу багытындагы көптөгөн иш-чараларга  активдүү катышат. Жакында биз Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте азык-түлүк  коопсуздугу  жана финансылык сабаттуулук темалары боюнча конкурс-эссе  өткөрдүк. Конкурска бүткүл Кыргызстан боюнча экономикалык адистик багытындагы 85 студент катышты.

Азыр биз салт боюнча март айында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгына катышууга даярдык көрүп жатабыз жана Финансылык сабаттуулукту жогорулатууга байланышкан башка да программаларды ишке ашырууга активдүү катышуудабыз.