Бай Тушум Банкы BTB тиркемесинде BaiPay виртуалдык картасын онлайн тариздөөнү ишке киргизди
21.04.2026
Бай Тушум Банкы кардарлар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктү сунуштады — эми BaiPay виртуалдык картасын банктын мобилдик тиркемеси аркылуу түздөн-түз, банк бөлүмүнө барбастан эле тариздөөгө болот.
Эми картаны бир нече мүнөт ичинде, толугу менен онлайн ачууга мүмкүн. Жаңы сервис кардарларга эл аралык онлайн төлөмдөрдү тез колдонууга шарт түзүп, чет өлкөлүк эсептешүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.
BaiPay картасынын негизги артыкчылыктары:
- юань валютасында эсеп ачуу жана төлөм учурунда кошумча конвертацияларды азайтуу;
- Кытай маркетплейстеринде сатып алууларда 3% чейин үнөмдөө мүмкүнчүлүгү;
- Alipay жана WeChat Pay аркылуу банк комиссиясы жок заматта төлөмдөр.
BaiPay виртуалдык картасынын ишке кириши эл аралык эсептешүүлөрдү ыңгайлуу кылууга жана чет өлкөлүк онлайн дүкөндөрдөн активдүү сатып алууларды жүргүзгөн кардарларды колдоого багытталган.
Картаны BTB тиркемеси аркылуу бир нече гана кадам менен ачууга болот — кызмат дароо эле жеткиликтүү болуп калат.

