Бай Түшүм Банкы электромобиль сатып алууга арналган жаңы GREEN DRIVE автокредитин сунуштайт
30.07.2026
Бай Түшүм Банкы GREEN DRIVE аттуу жаңы автокредитти сунуштайт. Бул продукт электромобиль сатып алууну пландап, заманбап, экологиялык таза технологияларды тандаган кардарлар үчүн иштелип чыккан.
Бүгүнкү күндө электромобилдер үнөмдүүлүгү, эксплуатациялык чыгымдарынын төмөндүгү жана айлана-чөйрөгө тийгизген таасиринин аздыгы менен барган сайын популярдуу болууда. GREEN DRIVE автокредити аркылуу экологиялык таза унаага ээ болуу мурдагыдан да жеткиликтүү.
GREEN DRIVE автокредитинин шарттары:
- Пайыздык чен – 17%дан баштап;
- Кредиттин суммасы – 3 000 000 сомго чейин;
- Кредиттин мөөнөтү – 36 айга чейин.
Электромобиль тандоо менен сиз ыңгайлуулукка жана заманбап технологияларга гана эмес, келечекке да инвестиция жасайсыз. Күйүүчү майга кеткен чыгымдардын азайышы, тейлөө чыгымдарынын төмөн болушу жана айлана-чөйрөгө кам көрүү мындай транспортту күнүмдүк жашоодо пайдалуу тандоого айландырат.
GREEN DRIVE – бул Бай Түшүм Банкы менен бирге жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, заманбап мобилдүүлүккө кадам таштоо мүмкүнчүлүгү. Автокредит алып, экологиялык транспорттун артыкчылыктарын бүгүнтөн баштап пайдаланыңыз.
Кредиттин шарттары тууралуу кеңири маалыматты Бай Түшүм Банкынын бардык бөлүмдөрүнөн же 8899 кыска номери аркылуу Байланыш борборунан ала аласыз.

