Бай Тушум Банк PCI DSS эл аралык сертификатын кайрадан алды
30.03.2026
Бай Тушум Банк эл аралык PCI DSS (Payment Card Industry Data Security Standard) стандарттарына — банк карталарынын маалыматтарын коргоонун эң катуу талаптарына — ылайык келээрин кайрадан тастыктады жана жылдык сертификациядан ийгиликтүү өттү. Бул, кардарлардын бардык операциялары — дүкөндө төлөөдөн онлайн которуулардын баарына чейин — эң жогорку коопсуздук деңгээлинде жүргүзүлөрүн билдирет.
Сертификацияны эл аралык Compliance Control Ltd. компаниясынын көз карандысыз аудити тастыктаган жана ал PCI DSS 4.0.1 стандарттын актуалдуу версиясына туура келет.
Бул сертификаттын алынганы кардарлардын маалыматтарын коргоонун жогорку деңгээлин жана банктагы ички процесстердин ишенимдүүлүгүн көрсөтөт. PCI DSS стандарты банк карталары боюнча маалыматтарды сактоо, иштетүү жана өткөрүү, ошондой эле киберкоопсуздук тутумдары, мониторинг жана тобокелдикти башкаруу боюнча катуу талаптарды коюп келет.
Кардарлардын финансылык операцияларын жана жеке маалыматтарын коопсуздугун камсыз кылуу банк үчүн стратегиялык приоритеттердин бири бойдон калууда. Эл аралык аудиттерден өтүү жана заманбап коргоо технологияларын киргизүү кардарларга банктык продуктыларды жана санариптик кызматтарды ишенимдүү колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
PCI DSS сертификатын алуу ошондой эле банк рыногундагы позициясын бекемдеп, анын эл аралык стандарттарга ылайык экенин тастыктап турат, бул өзгөчө накталай эмес төлөмдөрдүн өсүп жатышы жана санариптик финансы кызматтарынын өнүгүшү шартында маанилүү.
Биз маалыматтык коопсуздук тутумдарын мындан ары да өркүндөтүүнү улантабыз, заманбап чечимдерди киргизип, маалыматтарды коргоонун дүйнөлүк мыкты практикаларына баш ийебиз.

