Бай Тушум Банкы уставдык капиталын көбөйттү

06.04.2026

«Бай Тушум Банкы» ААКтын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында уставдык капиталды көбөйтүү чечими кабыл алынды.

2026-жылдын 26-мартына карата банктын уставдык капиталы 1,46 млрд сомго чейин жеткен. «Бай Түшүм» банкы Кыргызстандын Улуттук банкынын минималдуу уставдык капитал боюнча талабын мөөнөтүнөн мурда аткарып, белгиленген чектен ашкан.

Капиталдын өсүшү өткөн жылдардагы бөлүштүрүлбөгөн пайданын эсебинен камсыздалды. Бул процедуранын алкагында банк номиналы 100 сомдук 6,5 миллиондон ашык жаңы акцияларды чыгарып, аларды 12-мартта Кыргызстандын Фондулук биржасынын биринчилик рыногунда жайгаштырды.

Уставдык капиталдын көбөйүшү насыялык активдүүлүктү жогорулатууга, ошондой эле жеке жактарды жана ишкерлерди финансылык кызматтар менен камсыз кылууну кеңейтүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. «Бай Түшүм Банк» ААК рыноктогу позициясын ырааттуу түрдө бекемдеп, кардарлар үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон калуу менен өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн колдоп, финансы секторунун туруктуулугун камсыз кылууда.