«Бай-Тушум» Банкы VICT конференциясына катышты

15.09.2026

2026-жылдын 14-сентябрында Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында Кытай, Кыргызстан жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода жана инвестициялык демилгелерди текшерүү, түзүмдөштүрүү жана коргоо боюнча эл аралык VICT (Verified Investment Corridor & Trade) платформасын өнүктүрүүгө арналган конференция болуп өттү.

Иш-чарага банк жана камсыздандыруу секторлорунун, логистикалык компаниялардын, Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын жана кытайлык бизнестин өкүлдөрү катышты. Катышуучулар чек ара аралык бүтүмдөрдү коопсуз, ачык-айкын жана каржылоого жеткиликтүү кылууга багытталган практикалык механизмдерди талкуулашты.

«Бай-Тушум» Банкы кесиптик диалогдун катышуучуларынын бири болду. Банктын Башкармалыгынын төрагасы Жакыпов М.Ж. «Чек ара аралык бүтүмдү кантип коопсуз жана каржыланган кылууга болот?» аттуу панелдик сессияга катышып, анда ар түрдүү тармактардын өкүлдөрү эл аралык бүтүмдөрдү ишке ашыруудагы негизги тоскоолдуктарды жана аларды чечүү жолдорун талкуулашты.

Талкуунун жүрүшүндө контрагенттерди текшерүү, тобокелдиктерди башкаруу, эсептешүүлөрдү уюштуруу, логистика, каржылоону тартуу жана милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

VICT соода жана инвестициялык демилгелерди түзүмдөштүрүү жана коргоо үчүн инфраструктураны түзүп, аларды каржылоого, бүтүмдөрдү ишке ашырууга жана долбоорлорду жүзөгө ашырууга шарттарды түзөт. Платформа чек ара аралык кызматташуунун ар кандай багыттарындагы — финансылык жана камсыздандыруу уюмдарын, логистикалык операторлорду, ишкерлерди жана институционалдык өнөктөштөрдү бириктирет.

Банк үчүн конференцияга катышуу негизги тармактардын өкүлдөрү менен эл аралык кызматташууну кеңейтүүгө жана ишкерлерди колдоого багытталган финансылык инструменттерди жана ыкмаларды өнүктүрүү маселелерин талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү.

«Ар бир ийгиликтүү бүтүмдүн негизинде тараптарга үч нерсени — милдеттенмелердин аткарыларына ишенимди, каржылоого жеткиликтүүлүктү жана эсептешүүлөрдүн түшүнүктүү тартибин камсыз кылган финансылык конструкция турат», — деп белгиледи Банктын Башкармалыгынын төрагасы Жакыпов М.Ж.

«Бай-Тушум» Банкы кыргызстандык бизнеске жаңы рынокторго чыгууга, ишенимдүү өнөктөштөрдү табууга жана эл аралык потенциалы бар долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшкөн өнөктөштүктөрдү жана финансылык чечимдерди өнүктүрүүнү улантууда.